www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын коопсуздугу биздин коопсуздугубуз деп түзмө-түз айткан бир гана мамлекет болду. Ал ким? Ал Түркия. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кечээ Кыргызстандын куткаруучулары Түркияга барган учурду жергиликтүү аял видеого тартып ыйлап жатканын көрдүңүздөр. Оперативдүү чара көргөн өкмөткө рахмат.
Түркияга баардыгы жардам берип жатат. Бирок биздин материалдык жана моралдык колдообуз өзгөчө мааниге ээ. Анткени биз бир тууган элбиз. Менин угушума караганда он провинцияда жер титирөө болду. Каза болгондордун саны 6 миңге чукулдап калды. Бирок курмандыктардын саны мындан биротопко көп болушу мүмкүндүгү айтылууда. Кыштын күнү жарандар эшикте түнөп жатышат.
1999-жылкы Стамбулдагы жер титирөөдө Кыргызстан боз үйлөрдү жиберген. Учурда алар боз үй менен чатырларга муктаж болууда. Балким биздин демөөрчүлөр жардам берип калаар", - деди депутат.
Ошондой эле, депутат символикалуу түрдө айлыктардан түрк элине жардам катары которууну сунуштады.
Булак: NazarNews.kg