www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 7-февралда жумушчу кеңешме өткөрдү, деп билдирди басма сөз кызматы. Анда «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын 2022- жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана планы каралды.
Компаниянын президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айланачөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 17,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 млрд сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6% жогору болду.
Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди. Калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат.
«2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алына баштайт. Муну менен жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алуу пландалууда.
Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланууда», - деп айтылат маалыматта. Алмаз Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору, жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу долбоору тууралуу айтып берди.
Булак: NazarNews.kg