www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун 1-окуудан карады.
Жыйында депутат Рада Туманбаева жеке агрономдор эмне кызмат кылганы үчүн акча алышат деген суроону коюп, аларды айыл өкмөттөрүнүн штаттарына киргизүүнү сунуштады. «Силер жеке агроном менен иш алып бара албайсыңар», - деди эл өкүлү.
Депутат Кежебек Бокоев кооперативдерди бириктирүү маселесине токтолуп, министрлик аларды кандай жолдор, кандай механизмдер менен бириктирмекчи экендигине кызыкты. Айыл чарба, тамак –аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев кооперативдерди бириктирүү боюнча жакшы практикалар бар экендигин айтып, мисал катары 3 миң гектардан ашык аянтты бириктирген «Тазажан», «Раимбек» дыйкан чарбаларын келтирди. Министр жакшы натыйжаларга жетишкен кооперативдерге кредиттер 2 пайызга арзандатылып берилээрин кошумчалады.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg