www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү жаран Ысык-Көл облусунун аймагынан Бишкек шаарына сатып өткөрүү максатын ишке ашыруу үчүн, табигый өсүүчү баңгизаттарды сактоо жана жасоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо максатында, 2020-жылдын декабрь айынын башында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Семеновка айылында жашаган, 1971-жылы туулган А.Ж. аттуу атуулдун үйүнө санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Аталган иш-чараны жүргүзүү алкагындагы атайын тергөө амалдарынын натыйжасында шектүүнүн үйүнөн кара-жашыл түстөгү кендир жыттанган, капка салынган зат табылып алынган. Мындан тышкары, тинтүү учурунда мыйзамсыз курал-жарактарды сактап жүрүү фактысы аныкталып, уруксат берүүчү документтери жок эки бирдик 16-калибриндеги сайсыз куралдар табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат салмагы 4 кг 300 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости