www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кетирген каталары үчүн Эрдоганды эми ким жазалайт?

The New York Times гезити 2006-2011-жылдары (башкача айтканда, республикачы Джордж Буштун жана демократ Барак Обаманын тушунда) АКШнын Коргоо министрлигин башкарган Роберт М.Гейтстин авторлук алдындагы колонканы жарыялады. Текст Американын мезгил талап кылган тышкы саясий чакырыктарына ылайык жаңыланууга арналган жана анын биринчи тезисинде геосаясий оппоненттерге эмес, тескерисинче, күтүлбөгөндөй жакын союздаштарга кысым көрсөтүү керектиги айтылган.

 

Гейтс өзүнө ашыкча ишене баштаган эки өлкөгө өзгөчө көңүл бурду. Сөз, албетте, Германия жана Түркия жөнүндө болуп жатат. Экс-министр мурда Анкарага каршы киргизилген санкцияларды өзүнчө колдоп, бул "жакшы башталыш" экенин белгилеген.

Эгерде келечектеги администрациянын иш-аракеттеринин алкагында ФРГнын келечеги толук аныктала элек болсо, анда Түркия жөнүндө ансыз деле ишенимдүү түрдө келечекте ал татаал мезгилдерге туш болоорун, ал оор мезгилде өзүнүн эгемендүү саясатка болгон укугун коргошу керектигин ишеним менен айта алабыз.

Өткөн жумада Вашингтон Түркиянын Коргоо министрлигинин катчылыгынын башчысы Исмаил Демирге жана башка дагы үч кызматкерге өлкөнүн орусиялык С-400 абадан коргонуу тутумун сатып алгандыгы үчүн жеке санкцияларды киргизген.

Бул Анкара үчүн оор сокку болду. Кеп Демирдин Түркия президентинин жакын санаалаштарынын бири экендигинде гана эмес. Андан да маанилүүсү, Түркиянын аскерий-өнөр жай комплекси, анын өнүгүшүнө Эрдоган жеке өзү көп күч жумшаган. Бул Батыш менен кызматташууга - лицензиялык маселелерге жана компоненттердин жеткирилишине байланыштуу.

Анкара үчүн эскертүү коңгуроолору көптөн бери кагылып келүүдө. Көптөгөн айлардан бери Түркиянын аскердик T129 тик учактарын экспорттоо боюнча Пакистан менен түзүлгөн эң маанилүү келишим кыйроо алдында турат, жана булардын бардыгы унаалар жабдылган кыймылдаткычтар үчүн америкалыктар тарабынан лицензия берүү бөгөттөлгөндүктөн болууда. Канадалыктар Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттарда колдонулган электр-оптикалык тутумдарын берүүнү токтотту. Аталган учактар Тоолуу Карабакта жакында болуп өткөн курч кырдаалда өзүн абдан күчтүү согуш куралы катары көрсөтө алган. Германия Altay танктарын топ-сериялуу чыгарууда ишке бут тоскон , буга карата түрк расмийлери Германияны келишимдик милдеттенмелерди бузду деп айыпташты. АКШнын тарабын алган бул өлкөлөр Түркиянын “кислородун жакшы эле бууп жатышат”.

Тиешелүү бөлүмдүн башчысы катары Исмаил Демирге каршы АКШ тарабынан киргизилген санкциялар бул тармактын кыйынчылыктарын күчөтөөрү шексиз, анткени түрктөр импортту өнүктүрүү тармагында жакшы иштей алышпайт.

Эң жаманы, С-400 Вашингтон жана башка Батыш борборлору менен Түркиянын ортосунда болгон мамилесиндеги жападан-жалгыз тоскоолдук эмес. Бир нече жыл аралыгында Түркиянын жетекчилиги дээрлик бардык өнөктөштөр менен бир топ келишпестиктерди жана чыр-чатактарды жарата алды. Ошол эле Роберт М.Гейтс өз макаласында, Түркия "Ливиядагы, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Сириядагы аракеттери үчүн жооп бериши керектигин" эске салган, анткени алар "башка НАТО союздаштарынын кызыкчылыктарына карама-каршы келип, тынчтыкка жетишүү аракеттерин татаалдаштырат". Анын үстүнө, бул учурдагы карама-каршылыктардын мазмуну гана эмес, ошондой эле Анкара өз позициясын жарыялаган формада да пикир келишпестиктерди жаратат. Анкаранын сөздөрүндө мазактаган, жада калса шыджыңга салган мааниде айтылгандыктан, контагенттерди таарынткан нерсе катары кабыл ала алабыз. Ошентип, Түркиянын жетекчилиги дээрлик бардыгы менен бир эле учурда урушуп гана тим болбостон, бир катар дүйнөлүк лидерлерге Эрдоганга “рактар кайда кыштаарын” көрсөтүүгө терең түрткү берди.

Түркиянын мындай саясатынын өтө тобокелдиги, тагыраак айтканда, кыйрашы - илгертен бери эле белгилүү болуп келген факт. Болгону көйгөй Түркия кылыктарына качан жооп берет деген суроодо гана болгон.

Кыязы, ал учур келген өңдүү, жана Батыш өлө ичиндеги ички чыңалууларды четке коюп, Анкараны буга чейин жасаган кадамдары үчүн жазалоого жана келечекте “улуу жолдошторуна” баш ийүүгө мажбурлоо максатында консолидацияланган чабуул баштады.

Бул Режеп Тайип Эрдогандын эң чоң көйгөйү.

Теориялык жактан алганда, Түркия С-400 маселеси боюнча мамлекеттер менен сүйлөшүүдө кандайдыр бир темаларда чегинүүгө даяр болсо, соодалашуунун бир вариантын тандоого болот эле. Бирок чындыгында Түркия өзү буга дээрлик мүмкүнчүлүк жок.

Вашингтон үчүн башка нерсенин кереги жок – болгону Анкаранын ага сөзсүз багынып беришин каалайт.

Эгерде Батыш Европа үчүн Эрдоганды жазалоого болгон каалоо көп жагынан эмоционалдык негизге таянса (ал өзүнүн агрессивдүүлүгү жана уятсыздыгы менен бардыгын абдан жиндентип, тажатып жиберди), анда глобалисттер үчүн Ак үйгө кайтып келүүдө бул таза прагматизм жана ачыктан-ачык турмуштук маанилүү маселе.

Америка Кошмо Штаттарынын талашкыс үстөмдүгү менен Батыштын биримдиги көз алдыбызда кыйрап жатат. Ички катмардагы тартипти калыбына келтирүү үчүн, аларга тартипти орнотуунун мыкты үлгүсү керек. Түркия бул мааниде эң ыңгайлуу бута болуп саналат, анткени башка өлөлөрдү ага каршы тукуруп койсо болот, АКШнын башчылыгында алар Түркияга каршы чыгууга даяр болушат. Түркияны жайлагандан кийин Америка башка "бузукуларга" өтсө болот.

Албетте, президент Эрдоган өтө кайгылуу келечеги тууралуу болжолун билет (анын ичинде жеке өзүнун келечеги тууралуу дагы) жана натыйжада Вашингтонго болгон кичинекей баш ийүүнүн пайдасыздыгын билет. Муну Исмаил Демирдин АКШнын санкциялары анын өлкөсүнүн Россия менен С-400 боюнча келишимдерине таасир этпейт деген билдирүүсү тастыктайт.

Бирок Түркиянын бир эле учурда ар тараптан пайда боло турган басымга туруштук берүүгө күчү жетеби жана улуттук экономика үчүн өтө олуттуу күч сыноосу болобу?

Бул Эрдоган Батыш менен тирешүүдө жардам сурай турган геосаясий күчтөр тууралуу автоматтык түрдө бир топ суроону жаратат.

Өткөн жумада АКШнын Түркияга каршы жарыялаган санкцияларынан кийин Владимир Путин өзүнүн чоң пресс-конференциясында орус-түрк мамилелери жөнүндө комментарий берген. Ал баардык келишпестиктерди белгилеп, Эрдоганды өтө чоң кошоматчылык менен мүнөздөп жана аны "сөзүнө турган", "куйругун шыйпаңдатпаган" адам деп атады. Ошол эле учурда, орус лидери түрк кесиптешинин улуттук кызыкчылыктарды алга жылдырууда кежирдигин "алдын-ала билүүнүн элементи" деп кошумчалады.

Путиндин мындай сөздөрүнөн кийин, анын Түркиянын жетекчилигине жардам колун сунууга даяр экендигинен башка ой деле келбейт.

Путиндин жардамын кабыл алууда Анкара Батыштан дагы бир кадам алыстап, Россия менен байланышты чыңдоо багытына дагы бир кадам таштайт. Ошону менен анын улуу державалардын кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулугун төмөндөтүп, баарынан көз карандысыз саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп коет.

Бирок буга байланыштуу бир нерсе жасоого болбойт: Түркия көптөгөн убакыттан бери “идиш саткан дүкөндөгү пилдей” эле, өзү батпай турчу жерге “кирүүгө тыюу салынат” деген жазууларга карабастан, камырабай келечекти ойлогондон алыс болуп, ар кимдин ишине кийлигише бериши өтө кооптуу нерсе. Эми, ал туура эмес жасаган кадамдары үчүн жооп берүү убактысы келди.  

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости