www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турак-жай коопертивдеринен жабыркаган жарандар көбөйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Сулайманов билдирди.

Депутаттын айтымында андай кооперативдер каржы пирамидасы менен алектенет.

"Учурда турак-жай кооперативдери көбөйүп кетти. Баарына белгилүү болгондой ал жерде дайыма чыр. Канчалаган жарандарыбыз андан жабыркап жатат. Акчаларын ошол жерге берип коюшуп, эми чуркап жүрүшөт. Же акчаларын ала албай же батир ала албай кыйналган жарандар көбөйүп кетти. Менин билишимче, учурда 10 миңдей адамда ушундай маселе болуп жатат. Бул боюнча атайын тиешелүү органдарга тапшырма берели. Алардын ишмердүүүлүгүн, акчаларды каякка кетирип жаткандыгын текшерүүгө алышсын. Көпчүлүк адамдар мындай кооперативдер каржы пирамидасы деп айтышууда. Дагы канча адамдар аларга алданат? Бир чара колдонбойлубу. Тиешелүү бир комиссия түзүп, көңүл бөлбөсөк, бул өтө чоң көйгөйгө айлынып кетиши мүмкүн", - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости