www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева кворум жок деп жыйынды токтотууну талап кылды.

Залда 20 гана депутат отурат, ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев 55 эл өкүлү каттоодон өткөнүн айтты.

Ал ортодо парламенттин регламентин кароого өтүшүп, Марлен Маматалиев баяндама жасап баштаганда башка депутаттар дагы кворум маселесин көтөрүштү.

Мындан улам саат 14:00гө чейин танапис жарыялоо сунушталып, добушка коюлуп, демилге өттү. Мындан улам регламенттин долбоору саат 14:00дөн кийин карала турган болду.

Андан соң вице-спикер депутаттарды залга келип жыйынга активдүү катышууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости