www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев жаңы вице-премьер-министр Аида Исмаиловага иштөө зарылдыгын эсине салды.

“Аида Жекшенбаевна, азыр президентибиз ар бир күн, ар бир саат өтө маанилүү экенин айтты. Сиз, кечээ эле кызматка киришкениңизге карабастан, үзгүлтүксүздүк болбошу керек, тезирээк иштеңиз. Сиз  депутат эмессиз, сиз эми өкмөттүн жана штабдын мүчөсүсүз. Сиз кайрылуу жасап жатасыз. Кубатбек Айылчиевич, кайрылуу болбой турганын айтып койсоңуз. Сиз (Аида Исмаилова) социалдык тармак ​​аркылуу кайрылуу жасап жатасыз, андай эмес. Фракцияны уят кылбай тезирээк жумушка киришсеңиз” – деп айтты депутат.

Эске сала кетсек, аталган чиновниктер Республик-Ата-Журт фракциясынан парламентке келишкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости