www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Эмне үчүн биз казак туугандарга 1982-жылдагы макулдашуу менен сууну берип жатабыз? Алсак, Киров суу сактагычындагы суунун 92%ы коңшу өлкөгө кетет. Токтогул, Орто-Токой суу сактагычтарынан да суулар берилет. Өкмөт сүйлөшүү жүргүзүп, ЕАЭБдин алкагындагы эрежелерди сактоо менен унга киргизилген чектөөнү талап кылгыла” – деди.

Андан тышкары, депутат күйүүчү-майлоочу майлардын жана газдын наркын да кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Алмазбек Эргешов мал чарбачылыгы менен алектенген жарандардын кайрылуусун кеп кылып, мал сатуу ишин да жөнгө салууну Өкмөттөн суранды.

“Көп жылдык мөөнөткө чөптөрдү айдап турмушун өткөргөн дыйкандар да айдоо жерлерине бара албай кыйналышууда. Алардын блок-посттордон өткөрүү эрежелерин да карап чыгуу шарт”, – деди депутат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мал базарлардын иштөөсү опурталдуу болуп жаткандыктан, башка кошумча жайларда алып-сатууну карап чыгуу менен айтылган сунуштарды эске аларын билдирди.

Ошондой эле депутат Айнуру Алтыбаева чакан ишканалардын ишин калыбына келтирүү зарылчылыгын көтөрдү.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин кесепеттери жана аны менен күрөшүү маселелери талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости