www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов чет өлкөгө дарыланууга кетип, кайра келе албай жаткан жарандар туурагуу маселеге токтом киргизиш керектигин билдирди.
Ошондой эле, эл өкүлү “Манас” аэропортундагы өз ишин так аткара албай жаткан жетекчилердин ордуна профессионалдуу, өз ишин билген адамдарды алып келгиле деп, үч жылдан бери айтып жатканын айтты.
“Бүгүнкү күндө аэропорттун жетекчилиги иштен кеткени менен, эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Кыргызстандын өзүнүн учагы жок. Учактарды сатып, жок кылган адамдарды бүгүнкү күнү премьер-министр кайра чоңойтуп отурат. Бул ачуу чындык. Парламентти сөктүрбөй, президентке кайрылтпай, ошол талаада калган жарандарыбызды аэропортто иштеген адамдар бардыгын алып келип коё турган маселе болчу. Буга чейинки ар бир учакка салярка куйган адамдар отурат ошол жерде, миллиондоп, миллиарддап байып...Мына ушуну да конторолдой албайсыңар, же болбосо ошолор менен табакташсыздар. Ошон үчүн аларга сөзүңөр өтпөйт. Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жарандарды калтырып отурасыңар. Сөгүш парламентке, президентке келет, өкмөт таптаза боюнча отурасыңар...,-деп депутат Тазабек Икрамов өкмөткө катуу айтты.
Булак: NazarNews.kg