www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда депутат Жанарбек Акаев илдетке каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге сый акы качан берилерине кызыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

“Өкмөт өкүлдөрү маалымат жыйынында тиешелүү акча которулду деп билдирген. Бирок саламаттыкты сактоо кызматкерлери азыркыга чейин ала элек. Алар күндө үмүт кылып банктык карточкаларын карап, күтүп жатышат. Баарыбызга белгилүү дарыгерлердин айлыгы аз, сый акы берилсе алар үчүн чоң колдоо болмок”, – деди депутат.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов: “43 уюм-мекемеден 828 кызматкерге 6 млн. 600 миң сом акчаны которгонбуз. Бүгүн, эртең баарына таратып бүтөбүз. Айрым эсептер так көрсөтүлбөгөндүктөн жана иштебеген адамдардын тизмеге кирип калгандыгына байланыштуу кайрадан каралып, март айыныкы бир аз кечеңдеп калды. Апрель айындагы сый акыларды таратууда мындай мүчүлүштүктөр болбойт”, – деди.

Депутат Жанарбек Акаев министрди аймактарды кыдырууга үндөп, дарыгерлердин таламын талашууга чакырды.

“Сиз УКМКдан, укук коргоо органдарынан коркпой, дарыгерлерди коргоңуз. Маска сапатсыз деп койгону үчүн кечирим суратууга жол бербешиңиз керек” – деди Жанарбек Акаев.

Муну менен катар депутат чет өлкөдө калган кыргызстандыктарды алып келүү ишине көңүл бурулбай жатканын белгилеп, экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мигранттарыбызды Өкмөт ушундай учурда таштабашы керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости