www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

Анда жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү беш маселе каралууда.

Жыйында депутат Чыныбай Турсунбеков Кубатбек Бороновдон 15-апрелден кийин өзгөчө абалдан өзгөчө кырдаалга өтсөк кантет деген суроону узатты.

Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалга өтүүгө мүмкүн эместигин айтты.

“Биз азыр карантинге жаап, тосуп отурганда оорулардын баарын аныктап алдык. Өзгөчө кырдаал киргизсек, кандайдыр бир чектөө киргизүүгө укугубуз жок болуп калат. Ошондо оорунун тарап кетиш коркунучу болот”,-деп жооп берди Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости