www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жашыруун иш окшойт. Мадумаров менен сүйлөштүрбөй коюшту". Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Гуля Кожокулова билдирди.
"Сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Жактоочу мамлекет тарабынан берилиптир. ИИМдин жетекчилигинен эч ким жок экен. Кандайдыр бир маалыматты да ала албай койдук. Жашыруун иш окшойт. Азыр баш коргоо чарасы каралышы үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып кетип жатышат деп ойлоп жатам", — деди депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаровду ИИМ суракка алып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Мадумаров "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" иши боюнча суракка алынып кеткен.
Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин, "баягы жомок, Баткен..." деп комментарий бергенге үлгүргөн.
Эске сала кестек, Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн тергөө жүргүзүүгө уруксаат берүү сунушун парламент каникулга чыгаар алдында колдоп, эл өкүлү кол тийбестик укугунан ажыраган.
Булак: NazarNews.kg