www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күздө саясий кырдаалга карата кадрдык өзгөрүүлөр орун алаары күтүлүүдө. Өзгөчө БШКнын дарегине, тактап айтканда төрайымы Нуржан Шайлдабековага коомчулукта терс маанай күч болгондуктан, иштен кетиши мүмкүн экен.
Ордуна БШКнын төрагасы болуп орун басардын ою жаман дегендей, Тынчтык Шайназаров келээри айтылууда. Негизи эле, Шайназаров көптөн бери төрагалык кызматты алалбай келет. Бул жолу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербештин аракетин көрүп жатыптыр.
Чынын айтыш керек, Нуржан Шайлдабекованын ишмердүүлүгү шайлоо жаатында укуктук башаламандыкка негиз болчу прецедент жаратууда.
Буга, БШК 26-августта Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын ордуна Равшанбек Рысбаевди Жогорку Кеңештин депутаты катары тааныган чечим кабыл алып, Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округунда кайра шайлоо өтпөй турганын билдирген окуяларды жүйө келтирсе болот.
Дегенибиз, мындан ары бийликке жакпай калган депутатты мандатынан ажыратуу үчүн атаандаш болгон талапкерге ортодо канча жыл өткөнүнө карабастан арыз жаздырып, мандатын тартып алып берип коюуга прецедент жаралды.
Себеп дегенде бир мандаттуу округдан шайланып келген кайсы бир депутат мандатынан ажыратылса ошол аймактан кайра шайлоо өтүшү керек. Андай болбогон соң, бийлик бири-биринин үстүнөн арыз жаздырып өзүнө ыңгайсыз адамдарды тазалай берген өнөкөт күч алат. Бул жагдай укуктук талаада башаламандык жаратып, нааразычылыктарга түртөт.
Эске сала кетсек, 2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо Көк-Жар шайлоо округунан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири
Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко кайрылып, шайлоодо утуп БШК депутаттык мандат берген Бакировду добуш сатып алууга айыптап, мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.
Натыйжада, Жогорку Сот Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгарган төмөнкү инстанциядагы соттун өкүмдөрүн күчүндө калтырды.
Ал эми Өмүрбек Бакировго Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Мындай аракеттер дээрлик эки жылга чукул мезгилден соң кабыл алынып жатат. Өкүнүчтүүсү БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын ишмердүүлүгү жана соттордун чечимдери өлкөдөгү укуктук башаламандык жаратчу кооптуу прецедентге негиз болгон коңгуроо.
Булак: NazarNews.kg