www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку кеңештин жыйыны өтүп жатат. Депутат Талант Мамытов ишкерликти, дыйканчылыкты, мал чарбачылыкты колдоо боюнча өкмөткө сунуштары бар экенин айтты.

"Ишкерликти, дыйканчылыкты, мал чарбачылыкты колдоо боюнча, жумуш орундарын сактап калууга байланыштуу бир топ сунуштарыбыз бар. Өкмөттүн өкүлдөрү келсе бул маселени кенен талкууласак жакшы болмок. Бул жерде депутаттардын суроосунун баарысы бүгүнкү кырдаал боюнча өкмөткө берилет. Ошондуктан жыйынга премьер-министрди чакырсак туура болот. Күн тартибинен ар кандай маселени алып салууну сунуштайм", - деди ал.

Депутаттын сунушу колдоого алынып, ар кандай маселелер күн тартиптен алынды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости