www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Жогорку Кеңештен качып жүрөбү?

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев жана Наталья Никитенколор жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырууну сунуштады.

Бул боюнча Кенжебек Бокоев: "Карантин киргизилгенден бери болгон жалпы маалыматты өкмөттү чакырып уксак. Тыштан келген карыздар тууралуу айтылып жатат. Ал каражаттар кандай максатта таратылып жатат? Ичип, жеп коюшкан жокпу, бир бейтапка 3 миң доллар кеткен жокпу? Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматты угуу керек. Буудайдын, ундун баасы кымбаттады. Себептерин премьер-министр келип айтсын.

Ошону менен катар эле эл "Жогорку Кеңеш эмне үчүн иштебейт" деп сындап жатышат. Комитеттер, фракциялар иштеш керек эле", - деди Бокоев.

Эске сала кетсек, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында да депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди чакыртуу сунуштарын беришкени менен Абылгазиев жыйынга келген эмес. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости