www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жылдыз Мусабекова реанимацияга түшүп калды

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова катуу ооруп реанимацияга түштү. Бул тууралуу анын уулу Кубаныч Аманбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү Бишкек шаарындагы стационарлардын бириндеги жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Эске сала кетсек, буга чейин Жылдыз Мусабекова төшөктөн тура албай ооруп жатканын билдирген.

“Жөтөл, сасык тумоо жок. Болгону башым ооруп, сай-сөөгүм сыздатып, өз алдынча басуу кыйын болуп жатат. Башкалар сыяктуу эле "Тез жардам" жок, үйгө чакырсаң эч бир дарыгер келбейт. Өзүм басып барганга шай жок”, - деген депутат “Элдик ыктыярчылар” тобундагы медиктерден жардам сурап кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости