www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков пневмонияга кабылгандыктан абалы оор экени айтылган. Депутаттын учурдагы абалы тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирүү таратты.
"Урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыр эле жубайы менен сүйлөштүм. Кан басымынын, дене табынын, сатурациясынын көрсөткүчтөрү - баары жакшы. Чыныбай Акунович үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатат.
Дарыгерлердин айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана туруктуу. Алдын ала айтылган диагнозу - пневмония. Коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЦР-тести таза чыккан. Баарыңыздарга чың ден соолук каалайбыз!", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg