www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда өпкө кагынуудан (пневмония) жабыркаган эки миңге жакын киши Кыргызстандын ооруканаларында дарыланып жатышат. Алардын дээрлик баарынын коронавируска тапшырган анализи таза чыккан. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Пневмония менен оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптардын саны 100гө жакын.
Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан дагы 10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 88 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 177 киши көз жумду.
Интернеттеги социалдык тармактарда вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат.
Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.
Булак: NazarNews.kg