www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Коргоо кеӊешинин аталышын Коопсуздук кеӊешине өзгөртүү демилгесин көтөрүүдө

Депутаттар Коргоо кеӊешинин аталышын Коопсуздук кеӊешине өзгөртүү демилгесин көтөрүүдө

Журналист: NAZARNEWS
17.05.2017, 22:13
8156
|

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Коргоо кеӊешинин аталышын кайрадан тактоого багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Демилгечи – депутаттар И.Өмүркулов, Т.Зулпукаров, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Б.Ибраимжанов, Б.Сыдыков, А.Баатырбеков, Т.Конушбаев, А.Токторов, А.Турсунбаев.

Жакында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр, анын ичинде Коргоо кеӊешине байланыштуу өзгөртүү да киргизилди. Ошондон улам, бир катар мыйзамдар Башмыйзамга ылайык келтирилүүдө.

Андан тышкары, демилгечилер эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, Коргоо кеӊешинин аталышын кайра тактап, аны мурдагыдай эле Коопсуздук кеӊешине алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканын, ал үчүн коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгилейт.

Булак: "kenesh.kg"



Поделитесь с друзьями