www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң кир жер аныкталды

Тынч океанда жайгашкан Хендерсон аралынын аянты 4,3 гектар жерди ээлейт. Адистердин баамында аралдагы таштандынын салмагы 17,6 тоннаны түзөт.
 Тынч океанда жайгашкан Хендерсон кичи аралы дүйнөдөгү таштанды көп жаткан жер деп аталды. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын Улуттук академиясында жарыяланган докладга шилтеме берип кабарлаган.  Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландия менен Латын Америка ортосундагы Тынч океанда жайгашкан Хендерсон аралынын аянты 4,3 гектарды түзөтт. Адистердин баамында андагы таштандынын салмагы 17,6 тоннаны түзөт. Жээк жайык болгондуктан күнүнө бул жерге орто эсеп менен 27 ар түрдүү нерсе агып келет экен. Докладды жарыялаган илимпоздор кырдаалдын себебин өнөр жай тармагында желим нерселер көп чыгарыла баштаганы менен байланыштырышкан. Илимпоздор дүйнөлүк өнөр жай тармагы ушул нук менен кете берсе, ЮНЕСКОнун тизмесине кирген жаратылыш кооздуктары жапа чеге берерин айтышкан. 

Булак: sputnik.kg

Последние новости