www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо дагы алдыга жылып, шайлоо алдында шайланып келген депутатттарга жакшы болду, дагы иштегени калышты. Болбосо алар көрсөтмөгө келген эстеликтей болуп калышкан.

Парламент эки палаталуу болуп түзүлө алабы? Акыркы мезгилдерде парламентте 120 депутаттын болушу эки палаталуу парламент түзүлүшүнө кам көрбөсө болбосун сездирип турат.

1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституция боюнча эл өкүлдөр палатасына көбүрөөк орун берилип 70 мандат, мыйзам чыгаруучу жыйынга 35 депутат шайланып келе турган. Эми да  эл өкүлдөр палатасына айлык акы, машина, квартира дегенди жок кылып, кайсыл округдан шайланса, мөөнөөтү аяктаганча ошол округда туруктуу жашоого милдеттендирилиши керек.

Бир жылда эки жолу сессияга келип кеткен чыгымын бюджеттен компенсация катарында гана төлөп бериш керек. Ал эми мыйзам чыгаруу жыйынына юридикалык билими, тажрыйбасы бар гана кандидаттар шайланып, мурункудай саны 35 тен ашпай, туруктуу айлык акы берилиш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости