www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катоодо турган Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 21-октябрь күнү Ош ШИИБине "Тез жардам" кызматы тарабынан кабар келген. Анда Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинен денесинде жараты бар 32 жаштагы жаран алынып келингендиги кабарланган.

Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө шектүү И.И. белгисиз тапанча менен коркутуп, уруп, оор абалда мектеп короосуна таштап кеткендигин айткан. Аталган учур боюнча жыйналган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүгө издөө жарыяланган. Ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы башка эки факты менен изделип жаткан.

Биринчиси, ушул жылдын 16-август күнү кечки саат 20:30 чамасында жаранды уруп, денесине залал келтирген. Жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Экинчиси, 17-октябрь саат 13:30 чамасында коркутуу жолу менен 1985-жылы туулган жарандын кол телефонун тартып алган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жокгу иликтенүүдө 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости