www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абага зыяндуу заттарды нормадан ашык чыгарып жаткан автоунааларды аныктоо максатында борбор калаада атайын рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Мамэкотехинспекциянын жетекчисинин тапшырмасы менен Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чара көрүү планы иштелип чыккан. Рейд ошол пландын алкагында жүрүп жатат.

Ошондой эле автоунаалардын зыяндуулугу газ анализдеген автотест ченегичтер менен текшерилип жатканы айтылды.

"Азыр көп автоунаалардын катализатор системасы жок. Бул атмосфераны булгайт. Ошондуктан абага чыгып жаткан зыяндуу заттарды азайтуу үчүн машиналарыңарга катализатор системасын орнотууңуздарды суранабыз", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, рейдге Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери да чыгып жатканы кошумчаланды.

Абага зыяндуу заттарды нормадан ашык чыгарып жаткан автоунааларды аныктоо максатында борбор калаада атайын рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти. Маалым болгондой, Мамэкотехинспекциянын жетекчисинин тапшырмасы менен Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чара көрүү планы иштелип чыккан. Рейд ошол пландын алкагында жүрүп жатат. Автоунаалардын зыяндуулугу газ анализдеген автотест ченегичтер менен текшерилип жатканы айтылды. "Азыр көп автоунаалардын катализатор системасы жок. Бул атмосфераны булгайт. Ошондуктан абага чыгып жаткан зыяндуу заттарды азайтуу үчүн машиналарыңарга катализатор системасын орнотууңуздарды суранабыз", — деп айтылат маалыматта. Рейдге Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери да чыгып жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости