www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугун күнү-түнү карап, өлкөнү ар кандай коркунучтардан коргоп келген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) өз милдетин так аткарып келет. Жашыруун да, ачык да иш алып барган бул органдын мамлекет үчүн мааниси чоң.

Тилекке каршы, акыркы кездери чет элдик ар кандай уюмдардын арыгын чапкан бейөкмөтчүлөр дал ушул мекемеге асылып, аны көзөмөлгө алуу үчүн аракетин күчөттү. Албетте, сырттагы кожоюндарынан тапшырмасы менен. Бул үчүн НПОчуларга жан тарткан Жогорку Кеңештин депутаттары колго алынып, аларга мыйзам жаздыртып, аны кабыл алууга шашылууда. Бетке карманганы, УКМКны ачык орган кылып, парламенттин көзөмөлүнө алуу. Бул аракетти чыккынчылык катары баалап койсок болот.

Анткени, ар кошкон адамдардан түзүлгөн, арасына кош жарандуулугу барлары, “каралары”, мандемдүүлөрү аралашкан Жогорку Кеңешке коопсуздук тармагын карматып коюу жеткен акылсыздык.

22-июнда болсо Бишкектеги мейманканалардын биринде дал ушул демилгени мыйзамдаштыруу маселеси талкууланып, ал үчүн сунуш кылынган мыйзам долбоору каралды. Ага ОБСЕнин, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, бир катар депутаттар, парламенттин аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Эң кызыгы бул жыйынга катышып, мындай демилгени көтөргөндөрдүн баары Батыштын ыплас саясатын жүргүзгөн уюмдарга тиешеси барлар же аларга жан тарткандар. Маселен, мыйзамды сунуштап жаткан депутат Исхак Масалиев жакында эле “Женеванын куралдуу күчтөрдү демократиялык көзөмөлдөө борборунун” өкүлдөрү менен жолуккан. Аталган уюм КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарын, коргонуу мүмкүнчүлүгүн алсыратуунун үстүнө иш алып барат. Бул мекемени Батыштын атайын кызматтары каржылап, ошолор көзөмөлдөп турат. Ал эми ушул демилгени кош колдоп кубаттап жаткан депутат Наталья Никитенко НПОнун активдүү жактоочусу жана мүчөсү.

УКМКны көзөмөлдөгүсү келген эл өкүлү Жаныбек Бакчиев 2 күн мурда белгилүү бейөкмөтчү Динара Ошурахунова жана Наталья Никитенкого кошулуп алып “Парк отель” мейманканасында бул маселени талкуулаган. Атайын кызматты “талкалоону” каалаган депутаттардын бири Бахадыр Сулейманов. Дунган улутундагы бул эл өкүлүнүн да кош жарандуулугу бар. Кыргызга эзели күйбөгөн адам.

Кыскасы, мына ушундай “мандемдүүлөр” бүгүнкү күндө кыргыздын улуттук коопсуздугун коргогон органды чет элдик уюмдарга көзөмөлдөткүсү келүүдө. Анткени, ар бир парламенттик шайлоодо НПОчулар кеминде 4-5тен адамын депутат кылууга жетише баштады.

Батыштагы уюмдар болсо ошол агенттери аркылуу УКМКны алсыратып, жашыруун маалыматтарга ээ болууну самап жатканы жашыруун эмес.  

УКМКны көзөмөлдөөнү шыкактап, ага түрткү болуп жаткан ЖКнын кызматкерлери да соо эмес.

Маселен, мыйзамды талкуулоону уюштуруп, буту-бутуна тийбей чуркаган Камила Салиходжаева Н.Никитенко консультанты. Альзира Турдуева болсо Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин сектор башчысы, камактагы саясатчы депутат Өмүрбек Текебаевдин балдызы. Мындан сырткары Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын уруп ойнобогон НПОчулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Клара Сооронкулова, Бурул Макенбаева, Нурбек Токтакунов, Бегаим Усенова, Алтынай Исаева, Тимур Шайхутдинов, Зайнидин Курманов, Татьяна Третьяковалар бар.

Кыскасы, мындай “кутум саясаттын” артында чоң максаттар жатат. Калп эле атайын кызматты ачык орган кылабыз дегендер түпкү максатында Кыргызстанды алсыратуу. Биздин өлкөдө баары ачык. Жада калса УКМК деле парламент алдында жооп берет. Андыктан улуттук кызыкчылык үчүн жашыруун маалыматтарды сактаган органга “жортуул” жасагандардын колуна чабуу керек. Ал эми бейөкмөтчүлөрдүн “бир нерсесине” азгырылган депутаттарды эсиңерге келгиле, улуттук коопсуздук менен ойнобогула деп эскертет элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости