www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Исхак мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча маселе эмне болуп жатат? Дымып эле калдыңыз го?
— Бүгүнкү күндө иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгү, кепилдиктери боюнча мыйзамдын он экинчи беренесинде экс- президенттин толугу менен кол тийбестиги болот деп каралып калган экен. Демек, бул Конституцияга дал келбейт. 2010-жылы жана 2016-жылы мыйзам алдында баары тең деп жалпы принцип бекитилген болчу. Бир гана президент жана депутаттардын кол тийбестиктери бар да. Учурда прокуратура “Алмазбек Атамбаевге иш козгой албайбыз, себеби анын экс-президент деген статусу бар” деп айтып жатат. Биз болсо андай норма иштебейт деген көз караштабыз. Биз жаңы мыйзамдын он экинчи беренесин жокко чыгарууга аракет жасап жатабыз. Азыр мыйзам долбоору киргизилди. Кесиптешим Курманкул Зулушев экөөбүз жаздык. Ал жерде толук эле алып таштабай, парламенттин макулдугу менен жоопко тартылсын деген норма каралды. Бирок, менин жеке пикиримде экс-президенттен таптакыр кол тийбестикти алып ташташ керек. Бир гана иштеп жаткан президентке кол тийбестик болсо жетет. Президент кызматты тапшыргандан кийин ал жөнөкөй жаран болуп калат да. Бир гана нерсе, ал жерде экс-президентке жашоо жайын, айлыгын чечип берип койсо болот. Анда дагы экс-президент татыктуу иштеп, татыктуу иштерди жасаган болсо.
— Албек Ибраимов “Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын камалышында жана мага карата кылмыш ишинин козголушунда саясий боёк бар” деди. Коррупция менен шектелип кармалган чиновниктердин камалышында саясий боёк бар деп айтууга болобу?
— Сапар Исаковдун фамилиясы — Исаков. Албек Ибраимовдуку — Ибраимов. Кубанычбек Кулматовдуку –Кулматов. Булар Атамбаев эмес. Анан кантип баарын жакын деп эсептейт. Андай боло турган болсо Сапар Исаков Максим Бакиевге деле жакын болчу да. Алмаз Атамбаев деле Курманбек Бакиевдин учурунда премьер- министр болбоду беле. Бул тиги кишинин адамдары дегендин өзү туура эмес. Тууган-урук болсо бир жөн эле. Буларды саясатта бир мезгилде чогуу жүрүп калган үзөңгүлөш деп да айта албайм. Алар үзөңгүлөш да боло албайт. Себеби, жаштары ар кандай. Болгону чогуу иштеген, Атамбаев ишенген адамдар десек туура болот. Коррупция фактысы боюнча бир канча тийиштүү адамдарды жоопко тартканга аракет болуп жатат. Али сот боло элек, эч кимисин күнөөлүү деп таппайм. Ошондуктан саясий куугунтук дегенге кошулбайм. Эгер алар саясатта Адахан Мадумаровго, Өмүрбек Текебаевге окшоп бир саясий партиянын башчысы болуп бийликке каршы сүйлөп, митингдерди уюштурса анда саясий куугунтук деп айтсак болот эле. Ал эми тыгыз иштеп туруп, мурунку президенттин тапшырмасын аткарып, азыркы президенттин командасында иштеп туруп жоопко тартылса, мында саясат жок да. Азыркы иш саясий көз караш үчүн да эмес. Алардын саясий көз карашы жок, болгон да эмес.
— Албек Ибраимовго кысым жасалса, ал азыркы кызматында олтурбайт болчу деген пикирлер айтылып жатпайбы…
— Албек Ибраимов боюнча менин пикирим башкача. Бирок, “Дастан” заводунун жерин менчиктештирип, андан кийин президентке сатканы Албек Ибраимов олтурган кызматтагы кишилерге жарашпайт. Бул уяттуу иш. Мындай кадамы үчүн кызматтан бошотконго негиз бар. Азыр он бир киши бир факт боюнча камакта олтурат. Алар соттон өтөбү же өтпөйбү? Күнөө койгонго келгенде сот макул болобу же болбойбу? Маселе ошондо. Эгер укук коргоо органдары мурункудай эле аракет кылса, анда ийгиликке жетпейт. Салмактуу иштеп, таразага тартып, белгилерди тактап, далилдеп берсе анда ийгилик болот. Кошоматчылыкка аракет жасаса, анда жакшы болбой калат. Мурунку мезгилден да ашып кетиши мүмкүн. Байкадыңарбы, бийликти ээлеп алабыз деген кине менен кармалган Бектур Асановдордун жана Өмүрбек Текебаевдин ишин бийлик алмашкандан кийин Жогорку сот кайрадан карап, күчүндө калтырды. Бул эмненин белгиси? Мен үчүн мурункудай Ак үйдөн түзмө-түз буйрук бербесе, тим эле коёлучу калтырып деген принцип кетип жатат. Себеби бошотуш үчүн да саясий эрк керек. Соттордо андай эрк жок. Булар коркот, Өмүрбек Текебаевди же болбо Садыр Жапаровду бошотуп койсок, эртең бизди кызматтан алып коёт деген коркунуч бар. Жогорку сот саясий эрктүүлүк көрсөтүп, булардын күнөөсү жок деп актап койсо коомчулук туура түшүнмөк. Мына Курманкул Зулушев учурунда Камчыбек Ташиевдерди актап койгон. Бул чечими менен кызматынан бошотулган. Бирок эл алдында жүзү жарык. Соттор ушундай эрдикке барганда гана биз алга жылабыз.
Маектешкен Альбина Калыкова
Булак: Жаңы ОРДО