www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда депутаттар балдардын укуктарын коргоо боюнча өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамдын алкагында чет элдик социалдык тармактарга чектөө киргизүүнү көздөп жатат. 

Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан. Документте өзгөртүүлөр балдардын турак-жайга болгон укугун камсыздоого, үй-бүлөлүк мамилеге кызыкчылыктарын коргоого жана соцтармактагы укуктарга каршы келген контенттерден оолак кылууга багытталган.

Ага ылайык, чет элдик социалдык желелер менен мессенжерлер Казакстанда филиалдарын ачып, мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. Ошол эле учурда филиалдын жетекчиси Казакстандын жараны болууга тийиш.

Эгер мыйзам күчүнө киргенден кийин соцтармактар каттоодон өтпөсө, ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилет.

Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин вице-министри Кемелбек Ойшыбаев депутаттардын сунушун колдой турганын билдирген.

Ошондой эле өлкөдө балдарды кодулагандарга карата административдик чара колдонуу сунушталган. Депутаттар окуучулардын 12 пайызы күн сайын интернеттен терс маалыматтарга туш болорун белгилеген.

Жыйынга катышкан Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Асет Чындалиев бул сунушту колдоого алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости