www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ызы-чуу жагынан Атамбаевге бак берди, ушул доор башталганы ызы-чуу менен келатат. 2005-жылы ызы-чуудан улам министр болгон. Ак үйдүн алдына митингге балдарды аз алып бардың деп Арашандан аны колдогон криминалдардын жетекчиси менен жакалашып кеткен. 2010-жылы БЭКти каржылап бийликти алмашкан. Талгарбековдун айтуусунда 17 киши гана өлсө да мурунку президентти жаман көрсөтүш үчүн калганын көрүнгөн жерден өлүк жыйнап, өлүктөрдүн санын көбөйткөн.

Ошол мародерчулук кылышып же бомж болуп жүрүп өлгөндөр бактылуу экен, жок дегенде аты бийлик үчүн курман болду деп даңазаланып калды. 2019-жылы бийликти алыш үчүн Кой-Ташта «элдик республика» уюштурду, 2020-жылы 6-октябрда камактан бошоноор менен 9-октябрда кайрадан бийликти алыш үчүн жасаган чабуулу оңунан чыкпай калды. Бул ирет да 110 миң кишини туулган күнүнө чакырып  митинг уюштуруп бийликти тартып алуу оюу ишке ашпай калганы тургандай.

Бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурунку губернатор Туйгунаалы Абдраимовдор шектелүүдө. 14-сентябрда Тергөө кызматына Атамбаев, Акаев, Асанов жана башка адамдар курал колдонуп, бийликти күч менен басып алууга белсенгени туурасында материал келип түшкөн.

2021-жылы  14-сентябрда, Асанов кармалган. ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачкан. ИИМ Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатканын билдирген. Бирок ал кимдер менен сүйлөшкөнүн маалымдаган эмес. Жактоочунун айтымында, Асанов ИИМге суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылып, сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган.

"Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" деген 309-беренеси. Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту".

ИИМ бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат. Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.

Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Быйыл январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган.Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу. Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген. 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесилген. Ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан – II даражадагы “Манас” ордени, “Данакер” ордени, “Даңк” медалы, энчилүү саатынан ажыратылган. Атамбаевдин конфискацияланган мүлктөрү:

- 2000-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;

- 1997-жылы чыккан «Митсубиси Паджеро» унаасы;

- 1998-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;

- 1993-жылы чыккан «МАН» унаасы;

- 2011-жылы чыккан «BMW X-53» унаасы;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилке;

- Ысык-Көл районунун курорттук зонасындагы жер тилке;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыт жер;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоочу борбор;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы турак үй;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

- «Медиа Форум» ААК;

- Бишкек шаарындагы жер тилке;

- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;

- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү имарат;

- «Форум» илимий-өндүрүштүк фирма;

- Чолпон-Ата шаарындагы курулуп бүтө элек объект;

- Ысык-Көлдөгү курулуп бүтө элек объект;

- Ысык-Көлдөгү жер тилкелер;

- «Апрель ТВ» ЖЧК;

- «Апрель» ЖЧК;

- «Канал Ди» ЖЧК;

- «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы.

Төмөнкү коммерциялык банктардагы акциялар, банк уячалары, эсептер:

- «Кыргызкоммерцбанк»;

- «Кыргызстан коммерциялык банкы»;

- «Оптима банк»;

- «Кыргызстан-Швейцария банкы»

- «Капитал банк»

- «Аман банк»;

- «АКБ Толубай»;

- «РСК Банк»

- «Demir Bank»;

- «БТА банк»;

- «Доскредо банк»;

- «Экоисламик банк»;

- «Евразийский сберегательный банк»;

- «Азия банкы»;

- «Бакай банк»;

- «Халык банк»;

- «Пакистандын улуттук банкы»;

- «Кыргыз инвестициялык банкы»;

- «Финанс Кредит банк»;

- «Росинбанк»;

- «Бай Түшүм»;

- «Финка банк»;

- «Чанг ан банк»;

-«Компаньон».

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости