www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автоунаадагы мас айдоочулар милициянын ишине тоскоолдук жараткандыктан аларга карата мыйзамдуу чара көрүлдү. Бул тууралуу Ош милициясынын патрулдук кызматы билдирди.

«14-сентябрда чакыруу түшүп, кызматкерлер жерине жөнөгөн. Айдоочу жол чырактын кызыл түсүнө өтүп кеткени үчүн токтотулган. Ал спирт ичимдигин колдонбогону аныкталды. Бирок автоунаадагы жүргүнчүлөр мас болгондуктан милициянын ишине тоскоолдук жараткан. Тартип сакчылары аларга карата мыйзамдын чегинде чара көргөн», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты учурда иликтенип жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин соцтармакка патрулдук милициянын кызматкерлери кишини муунтуп жаткан видео тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости