www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибанды расмий түрдө таанууга эч ким шашкан жок, деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

«Талибанды азырынча эч бир өлкө тааный элек. Баары алар менен учурдагы көйгөйлөр, биринчи кезекте, коопсуздук маселелери, жарандардын укуктарын урматтоо жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн нормалдуу иштешин камсыздоо боюнча байланыш түзүү керектигин айтып жатышат. Бирок расмий таануу менен эч ким шашкан жок», - деди Лавров журналисттерге.

«Ооганстандын жаңы өкмөтү боюнча жыйынтык чыгарууга аз убакыт өттү. Орусия Федерациясы талибдерге эч кандай шарт койбойт, алардын убадалары кантип аткарыларын байкап турат. Ооган президенти Гани Дүйшөмбүдөгү ШКУнун саммитине чакыруу алды, бирок абал өзгөрдү», - деди Лавров

Эске салсак, Талибан өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулун бир ай мурун күчөтүп, 15 -августта Кабулга кирип, эртеси күнү согуш бүткөнүн жарыялаган. Ооган президенти Ашраф Гани «кыргынды болтурбоо» каалоосун айтып, өлкөдөн чыгып кетти.

31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып, АКШнын 20 жылга жакын Ооганстандагы аскердик күчтөрү токтоду. 6 -сентябрда талиптер Ооганстандын 34 провинциясынын акыркысы Панжшир өздөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн жарыялашкан. Эртеси күнү Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланды. Аны биринчи «Талибан»* башкаруусу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеген жана БУУнун санкцияларында турган Мохаммад Хасан Ахунд жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости