www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевге жаңы айыптар тагылды

Алмазбек Атамбаевге 2020-жылы 5-6-октябрда жана 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айыптар тагылды. Ага аталган кылмыштарга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдиргендей, тергөө иштери аяктагандыгы айтылды жана материалдар таанышуу үчүн берилди. Андан соң иш прокурорлор аркылуу сотко өткөрүлөт.

Тергөө иштерин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзгөн.

Буга чейин Атамбаев Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга жана 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуяларына айыпталып, камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости