www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр эл революцияңдан дагы, бийликти басып алуудан дагы коркпойт. Мындай пикирди саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

«Тигил революция кылганы жатыптыр, бул бийликти басып алганы жатыптыр...» - деп чуу чыгарууну профилактика катары көргөндөр өтө чоң жаңылышат. Мындай технология түп тамырынан бери натуура. Азыр эл революцияңдан дагы, бийликти басып алуудан дагы коркпойт. 

Анткени, анын эртеси өз жашоосунда эч кандай өзгөрүү жок, мурдагы ырааты менен эле кете бере турганын, болгону «Ак үй - көк үйдөгүлөрдүн» бир даары алмаша турганын ар ким билет...

Кантсе дагы бир эмес үч революцияны башынан өткөрдү да... Тетирисинче, мындай ызы-чуу коомдук аңсезимге тескери таасир этет, «мына болот - ана болот» деген күтүүнү жаратат. 

Концертти күткөнсүп, психологиялык жактан даярдайт. Жаштардын кай бир топторунун канын кызытат. Акыры барып ошондой тополоң болуп кетүү ыктымалдыгын жогорулатат...», - деген саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости