www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти басып алат деген чуулгандуу Кайрылуудан кийин, саясатчылар дүрбөлөңгө түштү. Жанар Акаве агынан жарылып кезектеги акылдуу сөздөрүн айтып, социалдык баракчасынан обон созду. Ага тарапташ катары депутат Рыскелди Момбеков өзунун пикирин төмөнкүчө айтты.

--Кесиптешим Жанар Акаев кыймылы жок кылмышка шектелип жатканы жөнүндө өз пикирин билдирди. Арийне, анын оюна ортоктош болсом дагы, өз оюмду ортого салгым келди. Жанар жакшы айтты, "...мен өзүм отурган бийликти өзүм кайра кантип басып алмак элем" таризинде. Анын мындай пикирин, жан дүйнөсү жакыр адамдар башка нукка салышы мүмкүн, " Жоок, сен президенттик бийликти көздөгөнсүң, оболу ошол жакты көксөгөнсүң" дегендей түркөй түшүнүк менен.

Асыресе, президенттик кызматка Жанардын башы жеткени менен жашы жетпейт да! Анда кандай кыласыңар? А өкмөттүк кызматтарга Жанар бармак эмес. Мен билгенден Жанарга өкмөттүк кызматтарды мурунку, азыркы бийлик деле сунушташкан, баш тартып койгон депутаттыкка барам деп.

Дегеле, Жанар бийликти басып алат деген кеп, Гитлер Берлинди басып алат дегендей эле нерсе. Анан калса, кыймыл болбогон жерде кылмыш кантип болсун? Ой болгон күндө деле "бой" болгон жок да...Азыркы саясий абал, ала качкан аттын үстүндөгү баланын абалындай. Аша чаап кетем деп, аласалып кетпегиле. Бирөө эркелеп кетсе, бирөө эртелеп кетет, этият болгула..., - дейт депутат Момбеков.

Эске сала кетсек, кечээ 14-сентябрда социалдык тармактарда белгилүү саясатчыларды бийликти куралдуу басып алат экен, деген Кайрылуу президент Садыр Жапаровго келип түшкөн. Тилекке каршы, азырынча Кайрылуу талаш-тартышка түшүп, биринчи бетти жазган «автору» табыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости