ВИДЕО - 23 жаштагы жигит хайп үчүп чачтын ордуна алтын чынжырды баш сөөгүнө тиктирген
Дүйнө жүзүндө  |   |  2249

23 жаштагы мексикалык рэпер Дэн Сур башына алтын чынжырчаларды сайып, аны азыр чачтын ордуна тагынып жүрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн TikTok каналына жарыялады.

"Чындыгында, мен өзгөчө адаттан тыш бир нерсе кылгым келди. Азыркы учурда баары эле чачтарын боёп калышты. Бирок эми мени эч ким туурабайт деп үмүттөнөм", - деди музыкант.

Рэпер ушул жылдын башында келбетин өзгөртүү үчүн адаттан тыш болгон процедурадан өткөн. Белгилүү болгондой, аткаруучу көрүүчүлөрдү таң калдыруу үчүн хирургдардан чынжырларды баш сөөгүнө атайын илгичтер менен имплантациялоону суранган. Илинген зергер буюмдардын көбү бриллиант менен чегилген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями