www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигинин жер тыңшар Мамыты жер чалат: 2011-жылы Бабанов жетектеген «Республика» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Акылбек Эшимов кекиртегине чок түшүп кетип 11-ноябрга чейин камакка алынды.

Ал жагынуунун жолун үйрөнүп, 2014-жылы «Республика» партиясынын лидеринин орун басарлыгына жеткен. Эшимовдун баш коргоо чарасы 11-сентябрда каралган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна 11-ноябрга чейин камакка алынды.

Бабанов президентке талапкер болгон 2017-жылы анын колдоосу менен Шайлдабекованын БШКдагы орун басары болуп ушул күнгө чейин иштеп жаткан. Көрсө ал былгытып ар бир талапкерден акча алып жүргөн дешет. Шакинин «Кыргызстан» партиясына депутаттыкка өткөрөм деген былыгынын бети ачылды.

Кубатбек Байболов Майрамбек Эгембердиев аттуу жарандын 103 200 долларын алдап капчыгына салып койгону, ал эми азыр ачык эле «Билген жериңе бар» деп турганы жанды кейитет. Бир нече жыл мурун Майрамбек Эгембердиев Кубатбек Байболовго103 200 доллар бериптир, Байболов курулуп жаткан үйдөн батир бере турган болуптур.

Бизнесмен өзүнүн жашап жаткан үйүн сатып, Башкы прокурорго тиешелүү суммадагы акча каражатын таап, алар «Оберон» ЖЧКсы менен келишим түзүүгө жетишет. Эң негизгиси Байболов кол алышып, сөз берген дейт. Майрамбек Эгембердиев УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин наамына кат жөнөткөн, катта Кубатбек Байболов тиешелүү чараларды көрүшүн суранып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости