www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Манас айылында жаңы окуу жылы өзгөчө белгиленди

Бүгүн, 15-сентябрда Сокулук районунун Манас айылынын Ат-Башы мектеп-лицейинде жаңы окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Кристин Жольм, "Катар Черити" кайрымдуулук фондунун өкүлү Мохаммад Хомам Алсамман жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев катышты.

Алгач аталган фонддун өкүлдөрү өздөрүн тааныштырып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы оффлайн форматтагы окуу жылы менен куттукташты. Ошондой эле Чүй облусундагы 26 мектептин окуучуларына 7000 сумка жана окуу куралдары менен камсыздарын айтышты. Каражаттар турмуштун оор кырдаалына туш болгон окуучуларга берилет.

--"Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн бардык окуучулары, студенттери үчүн билим күнү. Бул күнү мектептер бардык окуучулар үчүн эшигин кенен ачты. Окуучулардын жашоосунун жаңы этабы башталып жатат. Эмгеги бүтүндөй коом тарабынан урматталган мугалимдерге ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерди жаңы окуу жылы менен чын дилимден куттуктайм. Чың ден-соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!", - дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Ал эми Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев ЮНИСЕФ Балдар фонду жана "Катар Черити" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алар менен чогуу кызматташуу чоң кубаныч тартууларын айтты.

Мындан тышкары мугалимдерди жана окуучуларды санитардык эрежелерди так сактап, пандемиядан этият болууга чакырды. Андан соң мектептин директору жана айыл кеңеши сөз сүйлөп, азем концерттик программа менен улантылды.

"Катар Черити" кайрымдуулук фондунун өкүлү Мохаммад Хомам Алсамман Катар кыргыз элине жана окуучуларга жардам берип, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келишкендерин айтат.

--“Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында №47 кесиптик лицейдин филиалынын жаңы имаратын куруп жатабыз. Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланып, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги ишке ашырууда. 120-150 орунга ылайыкташтырылган имаратта веб-дизайн, системалык администрация, интернет-технология, программалоо өңдүү багыттар боюнча үч жылдык билим берилет. Студенттер үч маал тамак, стипендия жана жатакана менен камсыздалат. Ошондой эле алар үчүн тиешелүү окуу шарттары түзүлөт. Биз буга окшогон бир канча долбоорду ишке ашырууга аракет кылып келебиз”, - дейт ал.  

Ал эми БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Кристин Жольм Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгондон бери ЮНИСЕФ көптөгөн көмөктөрдү көрсөткөнүн белгиледи. Кыргызстандын аярлуу катмарына, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кол сунуп келишээрин айтат.

--“ЮНИСЕФ балдардын укугун коргоп, бардык жактан колдоо көрсөтүп келет. Бүгүн дагы балдарындын көңүлүн көтөрүп, кубаныч тартуулоого аракет кылдык. Билим берүү жана илим министрлиги жана башка мамлекеттик мекемелер менен дагы алдыда бир канча иштерди ишке ашырабыз”, - дейт өкүл.

Мектеп босогосун жаңыдан аттаган Каныкей Темирдинова классташтары менен таанышып, жагымдуу белектерди алып кубанып, өзгөчө күн болуп жатканын айтат. Ошону менен катар ал жакшы окуп, келечекте дарыгер болууну кыялданат.

--“Мен 1-класска жаңы кирип, башкача сезим болуп, толкунданып турам. Классташтарымды көрүп абдан кубанып жатам. Күтүүсүз белектерди, сумкаларды алдык. Эми жакшы окуп, келечекте дарыгер болуп, кыргыз элине кызмат кылгым келет”, - дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Сокулук районунун Манас айындагы Ат-Башы мектеп-гимназиясында 405 бала 1-класска кирди. Жалпы окуучулардын саны 3225ге жетет.

 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости