www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктар менен ардак наамдарды белгилөө, көрсөтүү, ыйгаруу, тапшыруу жаатында көптөгөн карама-каршылыктар орун алгандыктан, аны кайрадан ыраатташтыруу зарылдыгы жаралганы боюнча буга чейин Өкмөт маалымат тараткан эле. Ошол маселе бүгүн Жогорку Кеңеште сессияда каралып, депутаттар аны катуу талкуулашты. Мисалы, «Даӊк» менен «Достук» ордендерин белгилөө жана айрым наамдарды жоюу сунушталды.
«Баатыр эне» наамын ыйгаруу талабы да кыйла жумшартылууда. Мисалы, балдарынын бири мурда соттолуп, кийин соттуулугу алынып салынган болсо, анда ал энеге наам ыйгарылат», - дейт баяндама жасаган юстиция министри Уран Ахметов.
Депутат Кожобек Рыспаев спортчулар үчүн «Каба уулу Кожомкул» сыйлыгын белгилөө сунушун берди. Маданият министри Түгөлбай Казаков спортчулар үчүн сыйлыктар бар экенин билдирди.
Депутат Наталья Никитенко «Кайрымдуулугу үчүн» медалы менен «КР эл мугалими» наамын жоюу туура эмес экенин айтты. Депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик сыйлыктардын санын азайтуу сунушун берди. Депутат Кенжебек Бокоев үч даражалуу «Манас» орденинин бир гана даражасын калтыруу зарылдыгын белгиледи.
Ал эми депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитиле элек «Даӊк» жана «Достук» сындуу сыйлыктарды мыйзам долбооруна киргизүү туура эмес экенин билдирди. Депутат Бакирдин Субанбеков мамлекеттик сыйлыктын артында пенсияга кошумча төлөм сындуу кандайдыр бир моралдык жана материалдык өбөлгө турушу керектигин кошумчалады.
Өкмөт өкүлдөрү депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлер менен сунуштарды экинчи окуу жүрүшүндө эске алууга убада берди.
Булак: NazarNews.kg