www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: «КСДПчылар, бир пикирге келе албай, бүгүн Сооронбай, эртең кайра башка деп, сьездинде ырылдашып, “рак, лебедь, щука” болуп, даана ит болушат»

С.Муканбетов: КСДПчылар эгер бир пикирге келе албай, бүгүн Сооронбай, эртең кайра башка деп, сьездинде ырылдашып, “рак, лебедь, щука” болуп калышса, анда даана ит болушат.

 “Майдан” гезити менен тыгыз кызматташып, өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга баам салып, коомчулукту обективдүү маалыматтар менен камсыздоо аракеттерибизге ар дайым ак дилден жардамын тийгизип келе жаткан белгилүү коомдук ишмер, саясый серепчи Сабыр МУКАНБЕТОВ менен гезитибиздин № 18 (296) (2017­жылдын 16­майында) санында болгон маегибиздин уландысы. ­

-Сабыр байке, сөзүбүздү улайлы. Азыр эми элдин бүйүрүн кызыткан маселе алдыда келе жаткан президенттик шайлоо, ушу жекшембиде өткөн жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы, президенттике аттанган жаңы үмүткөрлөр тууралуу кеп кылалы... Алды менен, өткөн жекшембиде болуп өткөн жергиликтүү шайлоолор тууралуу... Бул шайлоолордо бийликчил КСДП партиясы жеткиликтүү добуштарга ээ боло албай, Жалал­Абад, Кадамжай, Айдаркен шаарларында экинчи, үчүнчү орундарды ээледи. Буга кандай баа бересиз? Бийликке болгон ишенимдин өчүп баратканынан кабар берип тургандай? ­

-Алмазбек Атамбаевдин бийлике келиши менен КСДП партиясы күчтөнүп, борбордо, жер­жерлерде 6 жылдан ашык бийлик жүргүздү. Башында, бутуна турганча бир топ саясый күчтөр менен ымалалашып, таянып, алардын аркасы менен максатына жетип, бийлигин бекемдеди. Күчтөнгөндөн кийин, дээрлик, баардык өнөктөштөрүн (катаал күндөрдө бирге болгон эски соратниктеринен бери) унутуп, каршылашып, куугунтуктап отуруп, буларга ишене турган саясый күч деле калган жок. Баары нааразы, тишин кайрап, мерчемин күтүп, ичинен сызып отурат. Саясый элитанын маанайы жалпы элге таркап, эл ичинде деле колдоосу жоголуп бараткандан улам КСДП деп жалгыз чыгып добуш ала албасын билгендиктен, элдин башын айландырып, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” ж.б. клон партияларды түзүп, алдамчылык жол менен бийликке илеешип калуунун амалын кылууда. Март, апрель элдик көтөрүлүштөрүндө айтылган сөздөр, үмүттөр аткарылган жок. Бийлиги барлар эле байлыкка марып, жалпы элдин турмуш деңгээли көтөрүлбөдү. Коррупцияга каршы күрөш тандалма болуп, оппонентерге гана ор казууга айланып, жакындары кандай кылмыш кылганы тастыкталганына карабай, кылы кыйшайбай тайралаңдап жүргөнүн эл көрүп­билип, тажанып, “кетсе, эртерээк, тынчыраак кетсе экен” деп, тажанып турат. Бүгүнкү бийликке болгон ишенимдин өчүп баратканы былтыртан эле белгилүү боло баштаган. Бишкек шаардык кеңешине мурунку мандаттарын кайтара алышпай, добуштары азайып калганы, жер жерлерде жеткиликтүү добуштарды ала алышпагандыктан коалиция түзө алышпай, өзүлөрүн да, элди да кыйнап жатканында эле, элдин көңүлү кайтканынын белгиси болчу. Ошондон улам, жер жерлерде кайрадан шайлоолор өткөрүлсө деле, жыйынтыктары КСДП үчүн көңүл жубатаарлык эмес болуп жатпайбы. Америкалыктар мындайды, кетет­кетет болуп, калган бийликке ишенгендер, колдогондор өзүнөн өзү эле кескин кыскарып, бийликтин аброю кескин төмөндөй баштаганды “төкөр өрдөк синдрому” деп коюшат. Ошол, мыйзам ченемдүү көрүнүштүн таасири да күчөп турган кез да азыр. ­

-Эми ушул кырдаал күздө боло турган президенттик шайлоого кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз? Бул бийликтен тажанып, “кетсе экен, жаңылануу, өзгөрүү болсо экен” деп көксөп турган эл, “бийликтин талапкери экен” деген маанайда, азыркы жергиликтүү шайлоолордогудай далысын салса, КСДПнын талапкерине кедергиси тийип калбайбы? ­

-Жергиликтүү шайлоолордогу тенденция албетте кайталанып, бийликтен тажанып калгандардын көбү добуштарын КСДПнын талапкерине эмес, башка талапкерлерге берет деп ишенимдүү айтсак болот. Бирок бийликтин колундагы ресурстарды, бийликте иштегендердин, бюджетте отургандардын, алардын тарапташтарын, жакындарын да эсепке албай койууга болбойт. Анан албетте бийликтин талапкеринен да көп нерсе көз каранды экенин эстен чыгарбоо керек. ­

-КСДПнын саясый кеңеши учурдагы премьер­министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөндөн бери ЖМКларга ар кандай маалыматтар чыгып кетти. КСДПнын талапкерлерине партиялаштарынын ичи чыкпай, алтернативалар сунушталаары, сьездинде чыр чыгып, Жогорку Кенештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кандидатурасы жактырылаары, Чүйдүн, Жалал-­Абаддын мурдагы губернаторлору, эски СДПКчылар Сагынбек Абдырахманов менен Жусупжан Жээнбековдордун өзүлөрүн өздөрү көрсөтөөрү, жаштар канатынын да тетири заара ушата турган түрдөнүп жаткандыгы айтылууда.Чоң аламандын астында ушундай чар­жайыттулуктун болушуна кандай баа берээр элеңиз? Биримдиксиз жеңишке жетүү кыйын го? ­

-“Алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың, ...” деген макал бар эмеспи. Анын сыңарындай, КСДПнын ичиндеги абал чын эле ушу сен айткандай болсо, анда иш чатак. Анда, “талашканга таш... да жок” деген ошо болот. Муну биз ­ ЖМКлар анан КСДПнын “тилектештери” көбүртүп­жабыртып эле, бийлик башындагыларды тытыштырып жаткан жокпузбу (?), деп да ойлойм. Анткени, партия, фракция жетекчилери тарабынан расмий да, бей­расмий да андай жааташууну тастыктаган маалымат чыга элек. Өзүн­өзү көрсөтүүнү каалагандар менен жаштар канатынын пикирлери деле, сүйлөшүп, кой­ай деген менен тескеле турган маселе. Антпесе, бюлетенге эки Жээнбековдун (Сооронбай менен Жусупжандын) аты жазылса шайлоочулардын мээси айланып, бийликчилдердин добушу бөлүнүп калбайбы. Ошондуктан, чын­төгүнүн билбей туруп, бүтүм чыгарыш кыйын. Анүстүнө, КСДПнын башында тургандардын баары тең эле тажрыйбалуу саясатчылар, итче тытышып, бийликти алдырышса, көпчүлүктөрүнүн башына караан­күн түшөөрүн, өзүлөрүнө эле жаман болоорун баары билишет. Андыктан, амбицияларын тыйып, акыл калчап иш кылганга кудуреттери жетет го деп ойлойм. Ошондон улам, “атайылап, каражат сарптап, кара пиар жасалып жатат” деген пикирге ынанып турам. ­

-Коомчулук ичинде, Алмазбек Атамбаев: “Сен деле жарайсың ...” деп Чыныбай Турсунбековдун кулагын өзү көтөрүп салыптыр, башка амбициалуулардын көбү да президенттин сөзүнөн улам баш көтөрүп, интригалар башталганын айтышууда. Ошондо, бүгүнкү күндөгү КСДП ичиндеги раздрайга партиянын кожоюну өзү күнөөлүү болуп калабы? Бу кандай максат? Же ойлонбогон катачылыкпы? ­

-Биз өзүбүзгө көнүмүш болгон шарттарга байланыштуу ой жүгүртүп, баары зымга тизгендей, түп­түз болуусу керек деп ойлоп жатабыз да. А кеп чынында, дүйнөлүк тажрыйбада партия ичинде талкуу, тандоо катардагы эле көрүнүш. Праймериз деп коёт. “Мен кийинки президент ким болоорун билбейм” деп келген Атамбаев чындыгында эле “кимди түртсөм” деп башы ооруп, соратниктерине ошондой сунуштарды айтуусу толук мүмкүн. Мунун эч кандай эрөөн­төрөөнү жок. Ойлонуп, ойлонуп туруп бир талапкерге токтошсо болгону. А эгер бир пикирге келе албай, бүгүн Сооронбай деп эртең кайра башка деп, сьездинде ырылдашып, “рак, лебедь, щука” болуп калышса, анда даана ит болушат. ­

-Бийликтин талапкерлери катары аттары аталып жаткан Сооронбай Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбеков тууралуу кеп болгондо эле, аларды жоош, мокок, кашаң, чечкинсиз, айдама, күнкарама деген пикирлер айтылып, алардан күчтүү президент чыкпасын, Алмазбек Атамбаевдин таасири улантылаарын, жаңылануу болбосун айтышат. Сиз кандай дейсиз? ­

-Чечкиндүү, өзүм билемдиги күч президенттерден тажап, авторитаризм деп кыйкырганыбыз кайсы да, кайра “күчтүү президент боло албайт” дегенибиз кайсы? Бизге кандай президент керек, деги? Өкмөттү өзү каалагандай башкарып, кадрлардын баарын өзү билип, бюджеттин баарын өзү калчап, эч нерсеге жооп бербей, улам бир өкмөттү “козел отпушения” кылып, жыргап отурган президент керекпи? Жок, албетте! Бизге өкмөттүн ишине ашкере кийлигишип, бийликти узурпация кылып албай, өз компетенциясынын негизинде, мыйзам чегинде иш алып барган, нахалдыгы, сугалактыгы, ач көздүгү жок, топуктуу президент керек.

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости