www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Гранттык жана Кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун жактырды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор 2011-жылдан тарта иштей баштап, азыркы учурда ал толугу менен бүткөрүлдү. Ошондон улам, азыр анын экинчи фазасын баштоо зарыл. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бул багытта 8 млн евро өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын ичинде 4 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя каражатты Жалал-Абад шаарынын мэриясы кардарлардан чогулган акчанын эсебинен төлөөгө тийиш.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев насыя каражаттан толук кутулууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал негизинен абоненттерди көбөйтүү жолу аркылуу төлөнө турганын билдирди. Ал эми бир катар депутаттар таза суунун тарифи өтө төмөн болуп жатканын, мамлекет да пайда көрүшү керектигин белгилешип, аны бара-бара 100 пайызга чейин көтөрүү тууралуу пикирлердин айтышты. Мэр тарифти көтөрүүгө убуда берди деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости