www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы 120 депутаттын арасынан эл ашып кетсе жыйырма-отузун эле тааныйт. Тааныса дагы көбүнчөсүн сыйлабайт, жаман көрөт. Жаңы шайланып келгендердин, мурун атагы чыкпагандардын арасынан жаш депутат Алтынбек Жунус уулу айырмаланып чыга алды.
Өзү “Өнүгүү” партия жетекчиси Бакыт Төрөбаевди колдоп, анын башына эң оор кыйынчылыктар түшкөндө жанында эркекче туруп берди, сатып кеткен жок. Өзүнүн колунда бизнеси дагы бар, бирок бийликтен коркпой Атамбаев сунуштаган Конституция долбооруна 2016-жылдын күзүндө каршы добуш бергенде эле “бул жигиттин саясатта жолу бар экен” деп Өмүрбек Текебаев жана Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу аксакал депутаттар ыраазы болушкан.
Оппозиция депутаты болуп турса дагы, Алтынбек бийликтин тилин таап, мамлекеттик ишти жүргүзүп атат. Акыркы эле жумада Жогорку Кеңештин транспорт боюнча комитетинин мүчөлөрүн алыскы Ат-Башыга алып барып келди. Өмүрүндө асфальт көрбөгөн айылдарда кадимкидей жолдору чаңдабай калганына жердештери дагы ыраазы.
Мындан тышкары мектептер дагы курулууда. Атбашы айылындагы көпүрө бир эле машине өтчүдөй кылып оңдолгон болсо, буюрса, Алтынбектин аракети менен эмки жылы кеңейтилгени да калды.
Булак: "Жаңы Ордо"