www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишти жакшыртам деп Жапонияга барба!

Мен социалдык өнүгүү тармагында эң төмөнкү кызматкери – социалдык жумушчу, орусча айтканда “социальный работник”  болуп иштейм.  Билимим жогорку, тажрыйбам кенен болсо да, жанталашып чоң жумуш издеп, телефонду кучактап, компьютерди тиктеп кабинетте отурган ишке умтулган жокмун.

Себеби дегенде, менин ишим эл менен тыгыз байланыштуу. Ар дайым карапайым жашаган элдин арасында жүрүп, алардын көйгөйлөрүн чечип, муктаж болгондоруна колдон келишинче жардам көрсөтүп, жардам көрсөтө албасам өкүттө калып журдум. Мындай ишке мени Советтер  доорундагы Комсомол уюму таптаган. Азыр социалдык өнүүгүү тармагында иштеп жатып, бул жумуш  мурда мен иштеген комсомолдун жумушуна окшош экенин туям. Комсомолдо иштеп жүргөндө, андагы ээлеген кызматыбызга карабастан, эч качан кабинетте отурчу эмеспиз. Бир күнү мектепте пионер, комсомолго кабыл алып жүрсөк, эртеси кой кыркында, туутта чабандарга жардам берип жүрчүбүз. Айыл чарба адиси болбосок да, бир үйрөткөндө эле илип алып, чөп кургатуунун жаңы ыкмасы “теневая сушка” менен чөп кургатып жүргөн күндөр болгон. Ал эми жетишпеген үй-бүлөлөргө, жалгыз бой карыяларга “Тимурчу” командасы менен барып бир күндө үйүн актап, тазалап, отундарын жарып баталарын алчубуз. Агитбригада түзүп алып  концерт тартуулап, саясат жөнүндө сабак өтүп, газета-журналдарды, күндө керектелүүчү буюмдардан салып алып алыскы тоо-түптөрдө жыл бою жашаган чабандарды, жумушчуларды кыдырчу элек.

Азыр эстесем айлык акыны, жол кирени сурабай эле, ачка тогубузга карабай иштечүбүз. Бизди мындай темпте иштетүүгө көндүрүүдө Социалисттик Эмгектин Баатыры  Корчубек Акназаров атабыздын эмгеги зор деп айта алам. Ал киши көзү көрөгөч, кылган жумушуңдун отчетун бере баштаганда эле аягын билип койгон адам эле. Ошондуктан ишке кайдыгер мамиле кылуу бизде  болчу эмес.   Корчубек  Акназарович  күнгө-түнгө, жаан-чачынга карабай, сугатты жер-жерине барып көзөмөлдөп, эгиндин, картошканын өсүшүн аралап басып карап, чабандардын, жумушчулардын үйлөрүнө чейин барып ал-ахвалдары жөнүндө кабардар болуп турчу. Мен эмне себептен бул жетекчини айтып калдым, себеби азыр Корчубек Акназаровичдей элим деп, жанын сабаган, өзү ачка калса да элинин курсагын ойлогон жетекчилердин саны азайып бараткансыйт.

Азыркы жетекчилер эл арасында жүрбөсө, кабинеттен чыкпаса, карапайым эл кабыл алуусуна кире албаса, элдин үнү аларга жетпесе, ыңгайы келсе эле чет өлкөлөп кетишсе элдин жашоо талабын кайдан билишсин. Жок  дегенде, чет элден көрүп келгенин иш жүзүнө ашырса, прессалардан муну көрүп келдим, тигини көрүп келдим, деп элге маалым кылса, биздин элге жакканын, биздин элге туура келгенин тандайт эле. Ар бир башка өлкөнүн иш ыкмаларын бизде колдонууга киргизүүдөн мурун өзүбүздүн элибиздин тарыхын, менталитетин эске алуу керек.

Тарыхты эске алмайын келечекти түзө албайсың. Ишти реформалоо, өзгөртүү, жаңылык киргизүү үчүн чет өлкөгө саякаттап издебей, эки күн  Дордой, Ак-Бата, Теңдик сыяктуу жаңы конуштардагы жупуну салынган үйлөргө кирип, анда жашаган  адамдар менен баарлашса эле, көчөлөрүн жөө кыдырып бассаң эле кандай, эмне керек экени түшүнүктүү болот. Болбосо, ар бир жетекчи өзүнүн ишин жакшыртам десе, мекемесиндеги “замдар” менен эмес, эн кеңже инстанциядагы жумушчусу менен пикир алышса иштин кай жерин реформалоо керектигин билип алат.

Иштин сапатын жакшыртуунун, ал иштин элге пайдалуулугунун жолун чет өлкөдөн издебей, ошол иштин тарыхынын барактарын ачып издеп көрүү  керек.

Тентиева Жумагүл, Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык  кызматкери

Булак: NazarNews.kg

Последние новости