www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Тазабек Икрамов дагы бир ирээт элди таң калдырды. Артык кылам деп атып, катуу уят болду. Мурдагы күнү “биз орозобуз, түшкү тыныгуунун кереги жок” деген сунушунан улам пленардык залдагы жүздөн ашуун орозо кармабаган депутаттар, коноктор, журналисттер, кызматкерлер ачка калышты. Момун мусулманга, өзгөчө ыйык Орозо айында, жарашпаган, диндин маанисине тескери келчү кылык болуп калды. Дагы бир гезит сунуш кылыптыр “Тазабек эми үч ай кошумча Орозо кармасын” деп. Биздин оюбузча, аны өзү чечет.

Бирок жалпы депутаттарга сунушубуз, кичине арыдан бери болсоңуздар. Силерди биз «молдо болгула, анан ошол динди кайра бизге милдет кылгыла» деп шайлаган эмеспиз. Динди динчилерге калтырып, аны ишиңерге аралаштырбай, Конституцияны сыйлап, мамлекетке жана элге таза кызмат кылып берсеңиздер неге болбосун! Катыра иштеп берсеңер баарыбыз  бул дүйнөдө ыраазы болобуз, баардыгын көрүп турган Алла-Таала дагы рахматын аябай турганын билебиз.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости