www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун бир тууган агасынын баласы Өсөрбек уулу Мирулан 68 жаштагы Нурманбет Бөлөкбаев аттуу ак сакалды сабап, бир көзүн сокур кылып койгон. Бирок, депутат тууганынын кийлигишүүсү менен Токтогул райондук Сотунун төрайымы Назира Сөлпиева толук актап жиберген. Бул тууралуу маалыматты 68 жаштагы Нурманбет Бөлөкбаев билдирди.
Эми ак сакалга болгон соттордун жасаган мамилеси сиздер аркылуу үнүм акыйкаттыкка жетеби деген үмүттө кайрылып жатамын, дейт 68 жаштагы Нурманбет Бөлөкбаев.
--Чыр 2021-жылы суу талаштан чыккан. Анда, суу суугарганы барган ак сакалды Өсөрбек уулу Мирулан бир тууган иниси экөөлөп тепкилеп, сол көзүнө уруп жиберген. Ак сакал эс учун жоготуп көпкө жатып калган. Жада калса жерде жатып калганда да жардам көрсөтүп койбостон кетип калышкан.
Ак сакал эсине келип, эптеп үйүнө келсе сол көзүнөн кан агып, башы катуу ооругандыктан Үч-Терек айылындагы ооруканага кайрылган. Ал жерден дарыгерлер биринчи жардамын көргөзүп, көп кечиктирбей Токтогул райондук ооруканага жөнөткөн. Райондук дарыгерлер көзүңүз катуу жабыркаган, дароо шаарга барыңыз деп жөнөткөн. Ак сакал Республикалык ооруканада бир жумадай дарыланган, тилеке каршы ал жерден да дарыгерлер сол көзүн дары менен сактай албасын айтып, түрктөрдүн жеке клиникасына кайрылып операция жасатыш керек деген. Ак сакал Бишкектеги, Оштогу жеке клиникалардын баарына көрүнүп, бирок, операция акчасы аябай кымбат, 5000 доллар болот дешкен . Анан түрктөрдүн "Чакмак Көз" деген клиникасы 2500 долларга пенсионер экенсиз деп операция жасап беришкен. Көзүнөн үч жолу операция болсо да сол көзүн дарыгерлер сактай албай коюшкан.
Ушундай карыган ак сакалды сабап, инвалид кылып койгон депутаттын туугандарына мыйзам иштебейби?, - деп жазган Айданек Такырбашова.
Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги экинчи тараптын да үнүн угууга даяр.
Булак: NazarNews.kg