www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссия аталган мекемени кыдырып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. 26-январда Бишкек ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу борбор калаадагы үйлөргө, социалдык мекемелерге бир жумадай жылуулук жетпей калган.

Депутат Улан Примов баштаган 12 эл өкүлү учурда ЖЭБдин химиялык блогун, андагы жабдуулардын жагдайын көрүп, өткөн айда болгон өндүрүштүк кырсыкка себеп болгон нерселер боюнча маалымат алышууда. Алар түштөн кийин Жогорку Кеңеште да жыйын өткөрүп, бул маселени кененирээк талкуулашары кабарланды. Депутаттар мындан тышкары насыяга алынган акчанын кайда сарпталганы боюнча суроолорго жооп издешет.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалды иликтөө боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген мекеме аралык комиссия 14-февралда баштапкы жыйынтыгын чыгарып, авариянын себептерин жарыялаган. Анда аварияга ЖЭБдин жана мекеме баш ийген “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин “техникалык эрежелерди одоно бузганы себеп болгону” айтылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости