www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти “Социалдык ишкердикти өркүндөтүү” долбооруна катышып, сертификатка ээ болду. Долбоор Борбордук Азия университети жана Coca-Colaкомпаниясы тарабынан уюшулуп, ага республикадагы бардык университеттин студенттери катышышкан. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.
Адегенде Кыргызстанда жайгашкан университеттерде уюштуруучулар тарабынан атайын семинар өткөрүлүп, сынак жарыяланган. Анда жалпы 806 долбоор жактырылып, анын ичинен 20 студенттин долбоору тандалып алынган.
Жогорудагы 20 долбоорундын катарына ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факултетинин 4-курсунун студенти Адина Нийзанованын долбоору да кирген. Ал Борбордук Азия университетинде “Социалдык ишкердик” программасы боюнча 1 айлык курста окуп, уюштуруучулардын сертификатын алды. Андан соң өзү окуган окуу жайдагы жаштарга аталган долбоор боюнча кенен маалыматтарды берүү үчүн, атайын тегерек үстөл уюштурган.
Булак: NazarNews.kg