www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкты жана аны модернизадиялоого кеткен Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу даяр болду. Бирок айрым мүчөлөрү иликтөөнүн тыянагына кол коюудан баш тартышты. Комиссия мүчөсү, “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов корутундуга ЖЭБдеги кырдаалга жооптуу жетекчилердин ысымдары ачык жазылбай калганына нааразы болуп кол койбогонун айтты. Жамангулов сыяктуу эле, комиссия айыптууларды калкалап жатат деген көз карашты карманып кол койбогон дата 2-3 депутат бар.
Буга чейин депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев "буга түз жана кыйыр тиешеси болушу мүмкүн" деп мурдагы өкмөт Зашчылар Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин, Темир Сариевдин жана мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аттарын атаган. Мына ушул ысымдарга байланыпггуу пикир келишпестик жаралып жатканы айтылууда.
Булак: "Фабула"