www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйгө жасалган кара дубалардын  кесепетинен  карапайым  эл  эмес, бийлик эшелонундагы   адамдар   арасында тиреш күчөйт, кимдир бирөөлөргө кол салуу болуп, жогорку кызматтагы адамдардын арасында кан төгүлүп, ызы-чуу түшөт деген аян келди. Эгер бул аянга кайдыгер карабай, кара дубаларды чечтирип, оңдолуп, түзөлүп жаткан жолдорду тазалатпаса Кыргызстан кырсыктан, кайгыдан  арыла албайт. Президент Сооронбай Жээнбеков Орозону шылтоо кылып,  Кыргызстандын 41 касиеттүү жерине, мазарларга кан чыгарышы керек. Ошондой эле эл атасы болгону үчүн жеке каражатынан Орозодо садака берип, элди тамак-аш менен камсыз кылышы керек.

Эгер  мындай иштерди жасабаса, кара дубанын кесепети Сооронбай   Шариповичке да тийип, ишинин баш аягын таба албай, мамлекетти башкармак турсун, жөндөй албай калат. Ошондуктан,  "көзү ачыктар айтып жатат"- деп кулагынын тышынан кетирбей, бизге түшкөн аяндарды аткарып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн аракет кылышы керек.

Эгер Сооронбай Шарипович кара дубаларды чечтирип, Ак үйдү тазалатпаса, бири-бирине каршы жасалган кара дубалардын айынан ал жерге барган башчылардын  баары туура  эмес иштерге кантип аралашып алганын сезбей  калышат да, кызматтан өз абийирлери менен эмес, жаман абалда кетет. Ошон үчүн кара дубаларды чечтирип, мамлекет үчүн да пайдалуу иш кылышы керек.

Булак: Майдан.кж

Последние новости