www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков шектелген кылмыш ишин иликтеген депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын сунушун четке катты.
Комиссиянын төрагасы Канат Исаев иликтөөнүн натыйжасында депутаттык топ төмөнкүдөй тыянак чыгарганын билдирди:
Асылбек Жээнбеков көпчүлүк депутаттардын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган деп таанылсын;
Ал УКМКнын тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш;
Башкы прокуратуранын Жээнбековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун канааттандыруу үчүн жетиштүү негиздер жок деп таанылсын. Анткени Кумтөр алтын кенинин ишин текшерген депутаттык комиссиянын отчетун кароодо, токтом долбоорлорун талкуулоодо жана чечим кабыл алууда ЖК регламентин жана КР мыйзамдарын бекем сактоо менен аракеттенген;
Кол тийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунуштамасынан баш тартылсын.
Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.
Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.
Булак: NazarNews.kg