www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден кылмыш ишин токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук кызматынын кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылган деген шек менен жогорку кызмат адамдарынын биринин жардамчысы делген адам кармалган.

Кылмышка шектүү Жумалиевден ага каршы козголгон кылмыш ишин Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылган. Ал Бишкек шаарында 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Жумалиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев акча талап кылган адам кармалгандыгын тастыктады. Бирок ал тергөөнүн купуялуулугуна шылтап маалымат берүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек, Финполиция тарбынан Жогорку Кеңештин депутаты К. Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда Кубанычбек Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен.

Ошондой эле, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости