www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британияда депутат Дэвид Эймисстин өлтүрүлүшү террордук акт катары мүнөздөлүүдө. Полиция кылмышкердин максаты - ислам экстремизми менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.

15-октябрда Англиянын чыгышындагы Ли-он-Си шаарында консерваторлор партиясынын депутаты Дэвид Эймисс бычакталган. Ал өзүнүн округундагы чиркөөдө шайлоочулар менен жолугушуп жатканда белгисиз бирөө кирип келип, кол салган.

Эссекс аймагынын полиция кызматкерлери окуяга байланыштуу бир эркек киши кармалганын, азырынча башка шектүүлөр жок экенин маалымдашкан. Кылмышка шектүүнүн тек-жайы жөнүндө толук маалымат бериле элек.

69 жаштагы Дэвид Эймисс 1983-жылдан бери парламентке депутат болуп шайланып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости